Жогорку Кеңеш Прокуратура жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун колдоду

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган. 

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сот адилеттүүлүктүн башаты тергөөдөн башталарын айтып, президент ишеним берип жаткан сон,  тергөөнү талашып-тартышпай калыс алып барууга чакырды.

Депутат Гуля Кожокулова прокуратура органы тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин мындан кийинки абалына кызыгып, анын санын тактады. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков прокуратурадан тергөөнүн алынышы менен башка органдардагы тергөөчүлөрдүн жумушу көбөйөрүн айтып, штаттык бирдиктерди көбөйтүү сунушун берди.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү  окууда колдоого алышты.  

Депутаттар  президент тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун да үчүнчү окууда колдоп беришти.

Сүрөт: kenesh.kh

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты