Жогорку Кеңеш комитет төрагаларынын орун басарларын шайлады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 13-январдагы жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков;

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов;

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Миргүл Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев;

Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы;

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов;

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов;

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев;

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишевдер шайланган.

Белгилей кетсек, Искендер Матраимовдун иниси, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жемкорлук боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

12-январда Жогорку Кеңеш түзүмүн бекитип, вице-спикерлерди жана комитет башчыларын шайлаган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты