Жогорку Кеңеш Касмамбетов менен Мамбетаиповду БШК мүчөлүгүнө шайлады

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 24-сентябрда, депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында Сүйүнбек Касмамбетовду  жана Кабылбек Мамбетаиповду Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кылып шайлады.

Президенттин сунуштамасын жана талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаипов Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү кылып шайланды. 

Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылы октябрь айында Мамлекеттик катчы кызматына дайындалган. Сүйүнбек Касмамбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик катчы кызматынан 2025-жылы июль айында бошотулду

Жогорку Кеңеш мындан тышкары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Анар Дубанбаева кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени да карады. Дубанбаева жеке арызынын негизинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Сүрөт: Парламенттин түз эфириндеги видеосунан. Сүйүнбек Касмамбетов жана Кабылбек Мамбетаипов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты