Жогорку билимдүү аялдар көп, бирок жетекчилердин көбү эркектер. Кыргызстандагы аялдардын орду тууралуу дата макала

Бүткүл дүйнөдө 8-мартта Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күн тең укуктар жана боштондук үчүн күрөштө аялдардын тилектештигинин күнү катары пайда болгон. Бүгүн аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы жетишкендиктери белгиленип жатат. Келгиле, Кыргызстанда аялдардын укуктары кандай деңгээлде экенин карап көрөлү.

Кыргызстанда саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда гендердик теңчиликке кепилдик берген мыйзам бар. Чындыгында бул мыйзам канчалык деңгээлде аткарылып жатат жана кыргызстандыктардын 50%дан ашыгын түзгөн аялдар өз укуктарын кандайча ишке ашыра алат?

Алгачкы тапта баары жакшы көрүнөт – эркектерге караганда аялдар көбүрөөк жогорку билим алышат.

Бирок жогорку окуу жайдан кийин тигил же бул себептерден улам абал өзгөрүп кетет. Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп болгонуна карабастан, алар ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө азыраак. Эксперттер муну аялдарга жүктөлгөн милдеттери – бала төрөө, аны багуу жана үй-тиричилик милдеттеринен улам эмгек дискриминациясына дуушар болуусу менен түшүндүрүшөт. Натыйжада бизде аялдардын жалпы санынын 43 пайызы гана иштейт.

Бул абал бардык чөйрөлөрдө: мамлекеттик да, муниципалдык кызматтарда да көрүнүп турат. Мисалы, мамлекеттик кызматта эркектер басымдуулук кылып, ал эми аялдардын саны 39%ды гана түзөт. Биз бийликтин бардык бутактарын талдап, эркектерден кем эмес же аялдар көп болгон тармактарды аныктаганга аракет кылдык. Бирок эч бир тармакта андай көрүнүш жок.

Ал эми мыйзамда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарында бирдей өнөктөштүк мамилелер - ар кандай жыныстагы адамдардын бирдей шарттарда катышуусу сакталышы керек деген ченемдер жазылган.

Башка тармактарда абал бир аз башкачараак. Кыймылсыз мүлк, билим берүү, медицина жана искусство тармагында иштеген аялдардын үлүшү басымдуулук кылат. Бирок, билим берүү, медицина жана искусство тармактарында эң аз айлык төлөнөт.

Бизнес тармагында да теңсиздикти байкаса болот. Өлкөдө дагы эле байкалып келе жаткан гендердик стереотиптерден улам аялдар өз өнөрлөрүн толук көрсөтө албай, бизнес ача албай жатышат.

Өзүнчө белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдардын айлыгы эркектердикинен 25 пайызга аз. Башкача айтканда, эркек киши иши үчүн 1 сом алса, аял киши 75 тыйын гана алат.

Гендердик теңсиздиктин көрүнүшү кыйыр гендердик дискриминация болуп саналат. Ошондуктан өлкөдө гендердик көйгөйдү чечүүгө багытталган мыйзамдар иштелип чыгууда. Мисалы, мыйзам деңгээлинде бийлик Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү кеңештердеги 30% депутаттык мандаттарды аялдарга ыйгарган.

Жергиликтүү кеңештерде бул норма аздыр-көптүр сакталат – жалпы Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын 37 пайызы аялдар. Бирок, 2007-жылы Жогорку Кеңеште аялдар үчүн квота киргизилгенине карабастан, жыйырма жыл ичинде ЖКдагы аялдардын саны эч качан 30%дан ашкан эмес:

Айрым жылдары Жогорку Кеңештин жыйындар залында бир да аял болгон эмес. Мындай кырдаалга карабай айрым депутаттар Жогорку Кеңештеги гендердик квоталарды кыскартуу аракетин көрүшүүдө.

Гендердик маселелер боюнча эксперттин айтымында, бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда адам укуктары толук сакталбай жатканын көрсөтүп турат: шайлануу же дайындалуу укугу бузулууда:

«Аялдар үчүн чоң кыйынчылыктар бар, алар гендердик стереотиптерден улам пайда болууда: мыйзамда гендердик квоталар каралбаган мамлекеттик же муниципалдык бийлик органдарында иштеген аялдар өтө аз. Экинчи жагынан, бийлик коомдун кызыкчылыгынын өкүлү болушу керек. Ал эми коомдун кызыкчылыгын эркектер да, аялдар да коргойт. Демек, аял да, эркек да бирдей иштешсе жакшы» - деп билдирди Зульфия Кочорбаева, гендердик эксперт, «Социалдык технологиялар агенттигинин” директору.

Мындан тышкары, эксперттин айтымында, эркектер менен аялдардын алган спецификалык тажрыйбасы бийликти эркектер менен аялдар бирдей көрсөткөн мамлекетте эч кандай «унутулган маселелер» болбойт деп кепилдик берет. Бирок, бизде аялдар эркектер менен бирдей иштеп, акча таап же шайланып, дайындалмайынча андай болбойт.


Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова

Дата-редакторлор: Андрей Дорожный, Айзада Тома

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты