БУУ Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотууга даяр экенин билдирди

  • 1 год мурун

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) талибдерди жергиликтүү аялдардын иштөөсүнө уруксат берүүгө көндүрө албаса, бул өлкөдөгү долбоорлорун токтотуп, чет өлкөлүк кызматкерлерин чыгарып кетүүгө даяр.

Бул тууралуу Associated Press агенттигине БУУнун Өнүктүү программасынын башчысы Аким Стайнер билдирди.

Апрелдин башында талибдер БУУнун Ооганстандагы миссиясында иштеп жаткан ооган кыз-келиндерине жумушка чыгууга тыюу салганы белгилүү болгон.

БУУ 5-апрелде «Талибан» кыймылы аларга расмий кайрылып, уюмдун Ооганстандагы миссиясынын курмында жергиликтүү аялдар иштебесин деген талап койгонун кабарлаган.

Аким Стайнер учурда БУУнун өкүлдөрү бул маселе боюнча талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

«БУУнун Ооганстандан ыктымал чыгып кетүүсүн өтө өкүнүчтүү деп айтат элем. Азыр Ооганстанда БУУ жок деп элестетсем, көз алдыма миллиондогон ачка кыздардын, балдардын, аталардын жана апалардын образы келүүдө» деди Стайнер.

«Талибан» кыймылы 2021-жылы бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоо боюнча убадаларын аткарбай, алардын укуктарын чектей баштаган. Өлкөдө Аялдар иштери боюнча министрлик жоюлуп, кыздардын мектепте жана университетте окуусуна, аялдардын спорт менен машыгуусуна тыюу санылып, телеканалдардагы аял алып баруучулар эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты