ЖМК: Орусия Сириянын Идлиб шаарына чабуул жасады

  • 2 года мурун

2-январда орусиялык учактар Сириянын Идлиб шаарынын чет жакаларына чабуул жасады. Бул тууралуу оппозициядагы булактарга таянып Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, аскердик учактар бир нече калктуу конушка жана суу алуучу станцияга бомба таштаган.

Анын кесепетинен Идлибди таза суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Reuters агенттиги Идлибдин батышында жайгашкан убактылуу лагерлер жабыркаганын жазды. Ал жерден аял жана эки бала өлгөнү айтылууда. Агенттик өткөн жылдын ноябрь айынан бери бул жерге абадан сокку урулбаганын кошумчалаган.

Бул маалыматты расмий түрдө эч бир тарап ырастай элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты