ЖК комитети акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды
- 3 года мурун
22-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети акыйкатчы кызматына юрист, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованынын талапкерлигин көрсөтүүгө макулдук берди.
Абдрахматованын талапкерлигин «Ата-Журт — Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциялары сунуштаган.
Мурдагы акыйткатчы Токон Мамытов 2021-жылдагы парламенттик шйлоого катышканына байланыштуу кызматынан кеткен. Мыйзамга ылайык, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы омбудсменди шайлоо 30 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Муну бөлүшүү