ЖК ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шайлоо күрөөсүн азайтуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзамдын демилгечиси – президент.
Бул багытта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.
Мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу маселеси боюнча Конституциялык соттун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.
Ушуга байланыштуу Конституциялык сот шайлоо күрөөсүн төлөө маселесинде мажоритардык шайлоо системасы боюнча демократиялык шайлоого майыптыгы бар адамдардын катышуусунун өзгөчө жөнгө салуу тартибин караштырбагандыгын белгилеген, демек, алар шайлоого катышуу укугун жалпы негиздерде жүзөгө ашырышат.
Сүрөт: kenesh.kg