Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчы судьялык кызматка 4 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президент тарабынан төрт судьяны дайындоо жөнүндө жарлык чыгарылып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Ош облусу:

Өзгөн райондук соту

Култаева Нурила;

Кара-Кулжа райондук соту

Карабекова Элмира;

Ош шаардык соту

Кумашев Жолдошбек;

Бишкек шаардык соту

Молоев Дамир.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты