2-ноябрда: Айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт
- 1 час мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 2-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абадй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +14…+19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-2, күндүз +8…+13.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +17…+19° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




