31-октябрдагы аба ырайы
- 7 часов мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 31-октябрда күндүз Ош, Баткен облустарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +15…+20;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +11…+16;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




