«Жерүй» алтын кен комбинаты өткөн жылы 23 млрд сомдук продукция өндүргөн

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон иш сапарында Жерүй кениндеги Талас алтын кен комбинатына барды.

Эдил Байсалов алтын бөлүп чыгаруучу фабриканы жана калдык сактоочу жайды көрүп чыкты. Ошондой эле ал вахталык шаарчадагы кызматкерлердин жашоо шарттары менен таанышты.

“Кыйыр кызмат көрсөтүү тармактарын эсепке албаганда, комбинаттын өзүндө эле 1400 адам жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздалган. Облустук фондго 407 млн сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 млрд сомго жакын акча каражаты топтолду” деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2 жыл ичинде ишкана 7 тоннадан ашуун алтын өндүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты