Жеке ишкер эмес жарандар эми салык декларациясын толтурбайт
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Мыйзам салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Өзгөтүүлөргө ылайык, жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардын айрым категориялары үчүн бирдиктүү салык декларациясы жокко чыгарылды. Салык төлөөчүнүн салыктык текшерүүнүн же отчеттуулук жыйынтыгы боюнча кошумча эсептөөнү толук эмес көлөмдө төлөө мүмкүнчүлүгү берилди. Турак жайларды сатууда кошумча нарк салыгынан бошотулат. Курулуш тармагынын 2025-жылдын 1-июнуна чейин жөнөкөйлөтүлгөн салык системасына өтүшүн мүмкүнчүлүк берген жоболор камтылган, бул тармакта иштеген субъектилер үчүн бирдиктүү салык ченеми накталай төлөмдө 6%, накталай эмес түрүндө 4% деп белгиленген.
Мыйзам менен укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан