Жеке автотранспортту милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтү жылдырылат   

  • 4 месяца мурун

Мыйзамдарга ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып транспорт каражаттары үчүн ОСАГО полисин сатып алуу зарыл болмок. Бирок транспорт каражаттары үчүн милдеттүү камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптык санкцияларды киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылмай болду.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинин сайтында кабарланды.

Бул чечим тамак-ашка, коммуналдык кызматтарга жана жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселерге баанын өсүшүн, финансылык кыйынчылыктарды эске алуу менен байланыштуу болгону кабарланды.

Эми жеке жактардын автотранспорттук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптык санкцияларды киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылмай болду.

Сүрөт: mineconom.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты