Жеңишбек Эдигеев: “Көк дептер” китепке айланат деп ойлогон эмес элем  (Видео)

“Эркиндикте” аттуу рубрикабызды улантабыз. Бул жолку коногубуз — азыркы күндө Швейцарияда жашап жаткан белгилүү журналист, котормочу Жеңишбек Эдигеев. 

Жаңы жарыкка чыккан “Көк дептердин” таржымалы, сааттын мекени, өзүнүн көксөөсү, арманы, жана сапарлаштар тууралуу.   

“Көк дептерден”:

Швейцария. Саат 10:10. Сааттар өлкөсүндө сатыктагы бардык сааттын 95 пайызынын жебеси дайыма 10 дон 10 мүнөт өтүп турат. Эмне үчүн? Жакшы көрүнөбү? Болушу мүмкүн. Бирок эң башкысы саат жебеси 10 дон 10 мүнөт өткөнөн көргөзүп турганы бул жылмайгандыкты (смайлик)  билдирип турат экен.

Кардарга 10:10 болуп турган саатты көргөзгөндө, саат ага жылмайып карап, жакшы маанай тартуулайт дешет.  

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты