Жазгүл Карбосова «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Жазгүл Карбосова 27-февралда “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду..

Бул тууралуу редакциянын сайтында маалымат жарыяланды.

Жазгүл Карбосова эмгек жолун Талас шаарындагы балдар бакчасында тарбиячынын жардамчылыгынан баштаган, андан кийин тарбиячы, кыргыз тили жана адабияты мугалим, бир катар эркин басылмаларда кабарчы, 2021-жылдан баштап “Эркин тоо” гезитинде кабарчы, редактордун биринчи орун басары, “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн башкы редакторунун биринчи орун басары, “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мамлекеттик тил боюнча башкы адис, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калкты тейлөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп иштеген.

«Эркин тоо» гезитинин мурдагы редактору Наралы Асанбаев 20-февралда өз каалоосу менен кызматтан кеткени маалым болгон. Ал өзү кызматтан кетишине MCN coin себеп болгон эместигин билдирген. Буга чейин «Эркин Тоо» гезити алдамчылык боюнча айып тагылып жаткан MCN coin ишин жарнамалаганы, ал учурда башкы редактор Наралы Асанбаев болгону айтылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты