Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары дайындалды
- 2 года мурун
Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп Улан Жолдубаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка 29-январында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Улан Жолдубаев 1987-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын тергөө-криминалистика факультетин аяктаган. Ал буга чейин Жаза аткаруу кызматынын Башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
Сүрөт: gsin.gov.kg
Муну бөлүшүү




