Жаш кызды зордуктоодо күнөөлүү деп табылган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен .у.А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, зордуктоо беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган. Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын жоопкерчилиги оордугуна дал келбегендиги үчүн  апелляциялык сунуштама келтирген.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Райондук прокуратуранын сунуштама канаттандырылып, Ош облустук сотунун өкүмү менен жаш кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылган Н.у.А. га өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты