Жаш Гвардия бульварынын дагы бир тилкеси жабылат

  • 1 год мурун

4-июнда Бишкек шаарында жолдорду реабилитациялоо алкагында Жаш Гвардия бульварынын Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгы (чыгыш тарабында) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы кабарлады.

Эми унаалардын кыймылы Калык Акиев көчөсүнө жана Бейшеналиева көчөсүнө багытталат.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонуу сунушталат. Ошондой эле маршрутуңузду алдын ала пландап алууңузду эскертет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты