Жапониянын премьер-министри резиденцияда кече өткөргөн уулун кызматтан алды

  • 11 месяцев мурун

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида мамлекеттик резиденциядагы кече тууралуу белгилүү болгондон кийин тун уулу Сётарону саясий маселелер боюнча жеке катчылык кызматынан бошотту.

Жаңы жыл алдындагы кече маалында тартылган сүрөттөрдү жапониялык «Сюкан бунсюн» басылмасы жарыялаган. Сүрөттө 32 жаштагы Сётаро Кисида жана анын жакындары башкы тепкичтин кызыл килеминде министрлерди дайындоодон кийинки салттуу сүрөттөрдү пародиялап жатышканы тартылган.

«Анын саясий иштер боюнча мамлекеттик кызматтагы аракеттери туура эмес болгон. Мен аны жоопкерчилигин сезсин деп алмаштырууну чечтим» деди Кисида.

Буга чейин премьер-министр Сётарону «ылайыксыз» жүрүм-туруму үчүн эл алдында жемелеген. Кисида бул кызматка көп жылдан бери жардамчысы болуп жүргөн Такаёси Ямамотону алып келди.

Сётаро Кисида 2022-жылдын октябрында премьер-министрдин сегиз жеке катчысынын бири болуп дайындалган. Мураскорлорду даярдоонун бир бөлүгү катары үй-бүлө мүчөлөрүн кызматка орноштуруу Жапония саясатында кадимки көрүнүш. Сётаро январь айында элчиликтин автоунааларын Лондон менен Парижге жеке турлар үчүн колдонгону жана Лондондогу кымбат баалуу дүкөндөн министрлер үчүн сувенирлерди сатып алганы үчүн сынга алынган.

Сүрөттө: Фумио Кисида расмий резиденциясындагы конференция маалында.Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты