Жапаров:  Жакында кайсы жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде чек ара тууралуу суроолорго да жооп берди.  

-17 жыл мурун мен маселе көтөргөндө азыркы шахмат бетиндей болуп жайгашып калган үйлөрдү акырындап сатып алышып, уламдан улам бери жылып келе жатышканын көрүп айткам. Бирок ал кезде мени эч ким уккан эмес. Мен көзү ачык эмесмин. Терең ойлонгон адамга азыркы күнү болуп жаткан окуяларды талдап туруп эле 10-15 жылдан кийин кандай болоорун туюп-билип койсоң болот.

«Кумтөр» темасын көтөргөндө деле ошол жылдары бизге өтпөсүнө көзүм жеткен. Анткени мафия күчтүү эле. Бирок 10-15 жылдан кийин акыры бизге өтөөрүн ошондо эле көргөм. Курманбек Бакиевге чек ара маселеси менен эле эмес, “Ошту убактылуу борбор кылып, чек ара маселелери чечилгенге чейин президент, өкмөт, парламент баш болуп беш-алты жыл ошол жакка барып иштеп туралы” деген сунуш айткам.

Бул сунушумду парламентте да көтөргөм. Ошондо мени түндүктүк туугандар «түштүктүктөргө жагынып атат» деп жаман көрүшкөн. Бирок менин максатым ал кезде түштүктүктөргө жагыш керек эмес эле. Жалпы мамлекетибиздеги проблема алдын ала чечилсе деген ой-максатым бар болчу. Ошондо Курманбек Бакиев: «Садыр, мен өзүм түштүктөн болсом, Акаевдин ордуна келип олтурсам, анан борборду Ошко көчүрүп кетсем, түндүктүктөр туура эмес түшүнүшөт, бул маселени көтөрбөй эле койчу, суранам»  деп болбой койгон.

Ал эми талаш жерлерди берип эле салып маселени чечип салбайсызбы деген сурооңузга:

Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсы жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат.

Ар бир сантиметр жер үчүн ар бирибиз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек, -деди Садыр Жапаров маегинде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты