Жапаров Бейшеналиев боюнча: «Депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди. Анда ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон мамилеси тууралуу суроо берилди.

«Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү. Эгер уюган коррупцияны, уюган уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек.

Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз», — деп жооп берди президент.

Эске салсак, кечээ, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын билдирген. Аны өзүн коррупциялык иштерге айыптаган.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Бейшеналиев Коргонбай уулуну сотко берген.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты