Жогорку Кеңеште Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу депутаттык комиссия түзүлдү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттык сактоо министринин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

Жусупбек Коргонбай уулу;

Жалолидин Нурбаев;

Гүлшаркан Култаева;

Шарапаткан Мажитова;

Айсаракан Абдибаева;

Исхак Масалиев; Султанбай Айжигитов;

Нилуфар Алимжанова.

Бүгүн Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын билдирди. Аны өзүн коррупциялык иштерге айыптады.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Бейшеналиев Коргонбай уулуну сотко берген.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты