Жанар Акаев: «Тажикстандын соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таанышыбыз керек»

  • 2 года мурун
Жанар Акаев: «Тажикстандын соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таанышыбыз керек»

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таануу керектигин жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн соңку аракетин Кыргызстандын суверенитетине каршы агрессия деп таанышыбыз керек. Өзүм Оштомун, бирок Жогорку Кеңешке ушундай сунушумду жибердим. Бир эле убакта бир нече тынч жаткан айылдарыбызга, элибизге, аялдар, жаш балдарга ок аткан, куралдуу кол салууну кескин айыптайбыз. Кечээтен бери жергиликтүү бийликтерге кол кабыш кылып, аскерлерге жана тургундарга гум.жардам жиберүү менен алек болдук. Бүгүн ок атышуу токтойт деп үмүт кылдык. Бирок Баткендин Төрт-Көчөсүндө, эми Чоң-Алайда ок атып баштаганы булар алдын ала пландаган деген тыянакка ишендиретБиз бул жаңжалды саясий, дипломатиялык жол менен чечилишине кызыкдарбыз. Бирок бир топ убакыттан бери уланып келе жаткан чагымчыл аракеттерге өлкөбүздүн мыйзамдары жана эл аралык укуктук алкагында укуктук баа беришибиз керек деп ойлойм. Тынчтык эртерээк орносун, өз элинин өмүрүн ойлобогон, диктатор, агрессорлор сөзсүз жазасын алат деп ишенем», — деп жазды Жанар Акаев.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. Ал эми жаңжалдан жабыркагандардын саны 103кө жетти. Бүгүн саат 12:37де тажик тарап Чоң-Алай районунун айылдарындагы кыргыз чек арачыларын көздөй ок атты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты