Жалал-Абаддагы жол кырсыгы. Ош мэри уулунун кырсыкка тиешеси жоктугун, айдоочу анын инисинин уулу экенин билдирди
- 1 месяц мурун
Жалал-Абад шаарында 15-мартта саат 21:30 чамасында “БМВ” унаасы тротуарда эки жаш баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2020-жылы туулган кыз көз жумган, эки жашар бала оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жаалал- Абад облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, баштапкы маалыматар боюнча унаа чоң ылдамдык менен балдар бараткан тротуарга кирип кеткен.
Сүзгөн машина күйүп, айдоочусу качып кеткени кабарланган. Кырсык болгон жерге ИИБ башчысы, прокурор келгени айтылган.
Социалдык тармактарда балдарды сүзүп кеткен унаанын рулунда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин уулу экени айтылууда. 17-мартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратып, анын уулунун аталган жол кырсыгына тиешеси жок экенин билдирди.
“Бүгүн социалдык тармактарда байма-бай тарап, менин атыма жабылган каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берип коюуну чечтим. 15-март түнкү 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Р.Азимов көчөсүндө жол-транспорт кырсыгынан эки жаш баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген. «BMW» үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып, 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген,-деп билдирди мэр Токторбаев.
Сүрөт: turmush.kg