Жалал-Абадда дүйнө чемпионун тосуп алышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-ноябрда, Жалал-Абад шаарынын кире беришинен дүйнөлүк чемпионаттан биринчиликти жана байгелүү орундарды багындырган спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

«Белбоо күрөшү» боюнча биринчилик Татарстандын Казань шаарында 28-31-октябрь күндөрү өткөрүлгөн. 75 кг салмакта ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу 1-орунду жеңип алган.

Спортчуларды тосуп алуу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн,  облустун ички иштер башкармалыгынан өкүлдөр,  машыктыруучулар, коомчулук өкүлдөрү, спортчулар катышты.

Спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленип, сыйлыктар тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты