Жалал-Абадда 10 турак үйдүн короосун суу каптады

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетининен кокту-колоттон чогулган суу Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун Могол, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Сузак, Барпы айыл аймагында жайгашкан 10дон ашуун турак үйдүн короосун суу каптады. Турак жайлардын ичине кооптуулук жаралган эмес, учурда кырдаал туруктуу. Жеринде райондук ӨКБ офицердик курамы жана жарандык коргоону кызматтары иш алып барышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты