Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды

  • 2 месяца мурун

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Жайнак Үсөн уулу, 2015 — 2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019 — 2020-жылдары Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.

Муну менен катар «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. 2015 — 2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.

Буга чейин басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин төрагасынын спичрайтери болуп дайындалды.

Сүрөттө: Жайнак Үсөн уулу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты