ЖерТам: Пенопласттан керемет жараткан Кира Асанбекова

«Шрек» мультфильминдеги печенье, чоң Лабубу, балдар чыныгы деп ойлогон балмуздак жана Coca-Colaнын жаңы жылдык жүк ташуучу унаасына орнотулган чоң бөтөлкө… Булардын баары кадимки пенопласттан жасалган. Мындай фигураларды даярдоо өнөрү бутафория деп аталат. Кыргызстанда бул кесипти аркалаган айымдардын бири — Кира Асанбекова. Ал жолдошу менен төрт жылдан бери соода борборлоруна, эс алуу жайларына жана ар кандай иш-чараларга жасалгаларды даярдап келет.

ЖерТам: Пенопласттан керемет жараткан Кира Асанбекова

Кира сегиз жыл сүрөтчүлүк билим алган. Бирок окуусун аяктагандан кийин үч жыл кийим тигүүчү ишканада конструктор-модельер болуп эмгектенген. Кийин жолдошу аркылуу бутафория тармагына келген. Учурда жубайлардын өз өнөрканасы бар. Буюртма түшкөндө алгач эскиз даярдалып, пенопласт атайын станок менен кесилет. Андан соң Кира анын формасын чыгарып, бетин жылмалап, бекемдеп, боёйт. Чакан буюмдарды жасоого эки-үч күн кетсе, чоң фигураларга көбүрөөк убакыт талап кылынат. Анын айтымында, эң татаал эмгеги Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бири үчүн даярдалган чоң краб болгон. Ал кезде жубайлар материалдардын өзгөчөлүктөрүн толук өздөштүрө элек болгондуктан, бир топ кыйынчылыкка туш келишкен.

Киранын айтымында, Кыргызстанда бутафория тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Айрымдар мындай жасалгалар чет өлкөдөн даяр алынып келет деп ойлошот. Ошол эле учурда жаңы жыл алдында буюртмалар көбөйүп, жубайлар кошумча жумушчуларды жалдоого аргасыз болушат. Кира келечекте өнөрканасын кеңейтип, ири долбоорлор менен иштешүүнү, башка өлкөлөрдө филиалдарды ачууну кыялданат. «Бутафория дегенде эле “Аа, Кираныкы турбайбы” деп элдер кайрылгыдай кылып», — дейт ал. Анын эң чоң каалоосу — өз эмгеги аркылуу адамдарды таң калтырып, аларга жагымдуу маанай тартуулоо.

Материалдын толук нускасын биздин “Ютуб” каналдан көрүңүздөр

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты