Жаңы түзүлгөн банктардын уставдык жана өздүк капиталы бир миллиард сом деп белгиленди   

  • 1 год мурун

Улуттук банк башкармасы 15-мартта коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом кабыл алды. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленди. 

Токтомдо төмөнкү талаптар каралган:  

Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 1 млрд сом өлчөмүндө белгиленди. 

Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капитал төмөнкү минималдуу өлчөмдө төмөнкү мөөнөттөрдө: 

— 2023-жылдын 1-апрелинен тартып – 600 млн сом; 

— 2024-жылдын 1-июлунан тартып – 800 млн сом; 

— 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 1 млрд сом өлчөмүндө. 

Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2 млрд сом өлчөмүндө белгиленет.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты