Жаңы төрага Маматалиев парламенттин санариптештирүү саясатына көңүл бурарын билдирди  

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынын ачып жатып Төрага Марлен Маматалиев жакында эле Президент Садыр Жапаров менен жолугушканын жана өлкө башчысына парламенттин алдыдагы 5 жылга карата өнүгүү стратегиясы боюнча маалымат бергенин билдирди. 

Анын ичинен артыкчылыктуу багыттар, жасала турган реформалар тууралуу сөз кылды. Төрага парламенттин ишин санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

“Президенттин администрациясында санариптештирүү саясаты ийгиликтүү болуп жатканын, чечимдер 10-20 эсе ыкчам жана тез кабыл алынарын өз көзүм менен көрдүм. Бул кезинде иштин натыйжалуулугун арттырууга да көмөкчү болорун байкадым. Муну менен катар адам ресурстарын туура пайдаланууга жана каражаттарды үнөмдөөгө чоң өбөлгө түзүп жатыптыр. Алсак, 2024-жылы эле санариптештирүүнүн натыйжасында 1 млрд 205 млн сом үнөмдөлгөн экен. Албетте, ушундай үнөмдөөлөр канчалаган социалдык мекемелерди салууга, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө көмөкчү болот. Эми биз ошондой жаңыланууларды парламентте да ишке ашырышыбыз керек” деди төрага. 

Тагыраагы, документ жүгүртүүдө жана мыйзам чыгаруу ишинде тонналап кеткен кагаздарды азайтып, депутаттарга керектүү маалыматтарды электрондук түрдө берүү маселеси каралып жатканын айтты. Марлен Маматалиев бул үчүн жакынкы аралыкта ар бир депутатка бирден планшет берилерин маалымдады. 

“Анда төрт папка жайгаштырылып, биринде жалпы жыйындардын, экинчисинде тармактын комитеттердин отурумдарынын, үчүнчүсүндө депутаттык топтордун чогулуштарынын материалдары коюлса, төртүнчүсүндө ар кандай маселелер боюнча маалыматтар киргизилет. Бардыгы алдын-ала жума күнү берилет. Бул албетте иштин натыйжалуулугун арттырып, кайсы жерде болбосун материалдар менен таанышып, даярданып келүүгө өбөлгө түзөт” деди төрага. 

Марлен Маматалиев эми маселеге тиешелүү жетекчилердин жыйынга онлайн катышуусуна да мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн билдирди. 

Аймактагы шайлоочулар менен да онлайн баарлашууга керектүү шарттар камсыздаларын белгилеген Төрага Жогорку Кеңешке келгендерге да ыңгайлуу жагдай жаратуу менен максатында беш депутаттык топтун өз-өзүнчө коомдук кабылдамасы жана энелер бөлмөсү ачыларын кошумчалады.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты