«Жаңы айдоочулук күбөлүктү дүйнө жүзү тааныды». Президент Алайдагы жолугушууда билдирди

  • 6 месяцев мурун

Президент 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушуу учурунда, айдоочулук күбөлүктү Европада, Россияда тааныдыбы деген суроого жооп берип, айдоочулук күбөлүктү Европада, дүйнөдө тааныганын билдирди.  

Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөр тууралуу суроого мындайча жооп узатты:

-Айдоочулук күбөлүктү дүйнө жүзү тааныды. Акыркы беш жылда реформа жасабадыкпы, ар бир реформа жасоодо ызы-чуу, кыйкырып чыгышат, өкүрүп-бакырышат, пикет кылат, 200-300 киши Интернеттен “кокуй эле кокуй, кыйрап калды бул жагы” дейт. Артында ким турат? Артында уюп, цемент, бетон болуп отуруп, катып калган коррупционерлер отурат. Агылып келген акчаны өзүнө буруп алган, мамлекетке, элге пайдасы жок, он чакты кишиге пайдасы бар. Ошону реформа кылып, талкалап, жаңыдан курайын десең, ошолор кыйкырып чыгат.

Бул күбөлүктү да, паспорт, айди карт, аттестатты — баарын чет өлкөдөн басып чыгарышчу, 2020-жылга чейин. Ортодо акча жешчү баары тең. Мисалга айтайын, ал жактан 10 сомго аттестатты бастырып келе турган болсо, ага беш сом кошуп, чөнтөгүнө салат, аны эч ким билбейт. Азыр 100% өзүбүздөн бастырып жатабыз.“Мобу күбөлүк жарабай калды” дегендер мафиялардын кылган иши.

Дүйнө жүзү тааныды, Европада, Россияда, бардык мамлекеттерде тааныды. Ал күбөлүктү, айди карт, техпаспорттун баарын толук алмаштырып бүткөндөн кийин, Москвадан 2016-жылы мен өз көзүм менен көргөм, биздин, Кыргызстандын айди-картын беш миң долларга чейин сатчу, күбөлүктү 3 миң долларга, баары жасалма болчу, кошуна мамлекеттин жарандары сатып алып, “мен Кыргызстандын жаранымын” деп айдап жүрчү. ЕАЭСте Кыргызстандын жарандарына көп тийишчү эмес, берки Өзбекстан, Тажикстанга катуу карагандыктан, алар сатып алып айдап жүрүшчү, азыр да айдап жүрүшөт.

Ошондуктан, өзүбүздөн паспорт чыгардык, ал ушунчалык кыйынга турду, 2-3 жыл ошону менен күрөштүк, акыр аягында өзүбүздөн чыгарып, алмаштыра баштадык. Аны жасалмалоого мүмкүн эмес, коргоочу элементтери абдан көп. Толук алмаштырылып бүткөндөн кийин эскилерди, азыр дүйнөгө тарап кеткен күбөлүк, айди-карттарды жокко чыгарабыз дагы, бардык өлкөлөргө кат жөнөтөбүз, “мурункулар жарабайт деп эсептегиле” деп. Мына ошондо таптаза болуп, тазаланабыз. Буга дагы бир 5-6 жыл убакыт кетет. Биз эртең эле алардан тазалана кое албайбыз. Европадан бирөө чыгып алып “күбөлүк жарабайт деп атат деп”, анын баары коррупционерлердин уюштурган маселеси, деди Садыр Жапаров.  

31-мартта мурда колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктү 2025-жылдын үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүк аяктады. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   

Сүрөт: president.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты