Өзгөндө айыл өкмөт экс-башчысы, Кадастр филиалынын экс-директору кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 17-майда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тактап айтканда, жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Жылалды айыл өкмөтүнүн  мурдагы жетекчиси, Ош облусунун Өзгөн райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин  экс-директору А.Р.Т. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган жаран  Өзгөн районундагы мамлекеттик органдын жетекчиси болуп турган учурда, кылмыш дүйнөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн тергөө абагына посылка өткөрүп турган.

2023 – жылдын ноябрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш трибунасынан Кадастр мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын жогорудагы экс-директору А.Р.Т.нын «Казак» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен байланышы бар экендигин маалымдаган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты