Өзгөн районунда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду
- 2 недели мурун
Милициянын С.Х., А.А, И.К. аттуу үч кызматкери кармалып, сот тарабынган 2 айга камакка алынган, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эки жаранга зомбулук көрсөтүүгө шектелүүдө.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) Куршаб айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, зомбулук колдонушкан. Натыйжада А.Б. аттуу жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Аталган факты боюнча, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан 5-январда кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгү, 338-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тергөөгө жиберилген.
Милициянын үч кызматкери — С.Х., А.А, И.К. кармалып, сот тарабынган 2 айга камакка алынган. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




