Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө мыйзамга кол коюлду
- 11 месяцев мурун
Садыр Жапаров “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.
Маалыматта айтылгандай, мыйзам “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган, ал чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана экономиканын өндүрүш, туризм, санаториялык-курорттук чөйрө, транспорттук инфраструктура сыяктуу ар кандай тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
“Тамчы” аймагы ишкердик ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кыла турган өзгөчө укуктук режимди алат. Бул режим инвесторлор үчүн салык жана юридикалык жеңилдиктерди камтыйт.
Ошондой эле англис укугунун ченемдерин жана принциптерин колдонуу менен жарандык-укуктук талаштарды чече турган эл аралык талаштарды жөнгө салуу борборун түзүү маанилүү аспект болуп саналат.
Сүрөт: president.kg




