Өзбекстан Кытай менен бирге 600 МВт кубаттуулуктагы ГАЭС курат

  • 6 месяцев мурун

«Өзбекгидроэнерго» ишканасы менен China Southern Power Grid International компаниясы гидроаккумуляциялоочу электр станциясын (ГАЭС) куруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Маалыматка караганда, документке Кытайда өткөн эл аралык «Бир алкак, бир жол» форумунун алкагында кол коюлду.

«Юкори Пскем» деп аталган ГАЭС Ташкент облусунун Бостанлык районунда курулат. Анын кубаттуулугу 600 МВт болуп, долбоордун баасы 1 миллиард долларды түзөт.

Келишимге кол коюу иш-чарасына эки өлкөнүн энергетика министрлери, ошондой эле «Өзбекгидроэнерго» акционердик коому башкармалыгынын төрага орун басары Фозил Махмудов менен China Southern Power Grid International компаниясынын жетекчилери катышты.

Быйыл июль айында «Өзбекгидроэнерго» менен China Southern Power Grid International Өзбекстанда жалпы кубаттуулугу 820 МВт түзгөн үч гидроэлектрстанциясын куруу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты