Өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды аман алып калышты  

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында жайгашкан «Азия Молл» соода борборунун жанында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 30 жашка чамал киши боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгон жерге шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүлөрдүү жүргүзгөн соң жаранды өз өмүрүн кыюудан сактап калышты.

Анын эмне себептен мындай кадамга барганын териштирүү үчүн ал киши ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды аман алып калышты  

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты