Ысык-Көлдө скутер сүзүп кеткен киши каза болду
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө суу скутери казакстандык жаранды сүзүп кетип, ал ооруканада каза тапты.
Бул тууралуу Кaktus. media Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме жасап, жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 15-июль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө райондук ооруканага бир адам эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Аны Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде суу скутери сүзүп кетип, анын кесепетинен оор жаракат алган. Жабыркаган К.Б. 1982-жылы Балыкчыда туулган, кийин Казакстандын жарандыгын алгандыгы белгилүү болгон.
Эртеси, 16-июлда, жабырлануучу алган жаратынан улам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Скутердин ээси Ысык-Көл районунун 1992-жылы туулган М.Б. аттуу тургуну экендиги белгилүү болгон.
Ал эми кырсык болгон учурда скутерди 2006-жылы туулган А.А. аттуу жергиликтүү жаран башкарган. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-беренесинин (Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштери уланып жаткандыгы айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




