Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке айыл аймагында болуп өткөн сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. 

Бул Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

2024-жылдын 18-августунда саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагына караштуу Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел агымдары катталган.  Анын кесепетинен турак үйлөрдү, айдоо аянттарды, пансионаттарды ж.б. ылай аралашкан суу каптаган. 

Буга байланыштуу президенттик фонддон бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн 75 900 000 (жетимиш беш миллион тогуз жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип берилген: 1 000 000 сомдон — 32 адамга, 500 000 сомдон — 41 адамга, 100 000 сомдон — 234 адамга.

Ал эми Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагында  жараксыз абалга келген 29 турак үйдүн ичинен 5 турак үй курулуп бүттү, 3 жаран башка жерлерден курулган турак үйлөрдү сатып алды, калган 21-турак үй курулууда.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев селди алдын алуу чаралары менен таанышып, “Ат жайлоо” каналынын курулуш иштерин көрүп чыкты.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты