Ысык-Көлдө сабалган адамдын өлүмүнө милиция кызматкерлери да шектелүүдө
- 2 месяца мурун
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде Э.Б. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, ошол эле күнү алган жаратынан улам ооруканада каза болду.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү төрт жаран кармалган. Алардын экөө — милиция кызматкери. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
16-ноябрда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




