Ысык-Көлдүн пляж аймактарындагы тосмолор алынат
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү жарлыгына кечээ, 14-июнда кол койду.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү