Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларындагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

  • 4 недели мурун

Бишкек экологиялык прокуратурасы тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында саркынды сууларды тазалоочу курулуштардагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан тазалоочу курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү шаар куруу корутундулары мыйзамсыз берилген.

Аталган фактылар боюнча Экологиялык прокуратура тарабынан кКылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тазалоочу курулуштардын айланасындагы мыйзамсыз курулган 40 объект боюнча чара көрүү тапшырмасы берилди.  

Сүрөт: prokuror.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты