Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык улоого мораторий киргизилди
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрүштүк негизде кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдөгү балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:
Мораторий мындай учурларга жайылтылбайт:
-ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу;
-балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү,;
-илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү учуруна жайылтылбайт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү