Ысык-Көл облусунда UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жабылуу аземи өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кыргызстан – Ысык-Көл 2026» UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабын салтанаттуу жабуу аземине катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Касымалиевдин айтымында, чемпионат спорттук мелдештиктен алда канча ашып, мамлекеттер аралык достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтчага айланды. 

«Спорт мамлекеттик чек араларга карабастан, адамдарды бириктирет. Чыныгы чемпиондук жеңиш менен гана эмес, атаандашты сыйлоо, адилеттүү күрөш жана өркүндөөгө умтулуу менен аныкталат. Спортту тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун эң маанилүү куралдарынын бири кылып турган дал ушул баалуулуктар» деп белгиледи ал.

Андан соң «Кыргызстан – Ысык-Көл 2026 Гран-приси» UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты