Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскартылды

  • 10 месяцев мурун

Эркин журналист Ыдырыс Исаков менен «Пансионат Ош» мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча иш кыскартылды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматкери Абсаттар Тавакалов «Азаттыкка» билдиргендей, иш майда бейбаштык катары каралып, бул боюнча административдик чара көрүлөт. Ал Койчукуловго салына турган айыптын көлөмүн сот аныктай турганын кошумчалады.

Облустук милиция 27-июнда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, анда Исаковдун денесине «эч кандай залал келген эмес» деп бүтүм чыгарылганын билдирген.

Журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда «Жетекчилерге жем болгон пансионат» деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялаган.

Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу таратып, муну сөз эркиндигине сокку катары мүнөздөгөн. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгилешкен.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына «Жетекчилерге жем болгон пансионат» деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилип, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болгон.

Ыдырыс Исаков «Азаттык» радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушу тапта өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 484 миң катталуучу бар.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты