Эркин журналист Ыдырыс Исаковду чаап жиберген фактыны Ош ИИБ териштирүүдө

  • 11 месяцев мурун

Ош шаарындагы “Ош” эс алуу борборунда бүгүн, 12-июнда, көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаковду чаап жиберген окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымат берди.

Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай деп айтылат:   

-Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, жогорудагы жерде эркин журналист Исаков Ыдырыс менен Ош шаарынын тургуну,1964-жылы туулган Койчукулов Маматкеримдин ортосунда пикир келишпөөчүлүк болуп, чыр пайда болгон.

Ыдырыс Исаков журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Койчукулов Маматкерим “Уруксатсыз видеого тартканга укугун барбы?” деп бетке уруп жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген.

Ал эми Маматкерим Койчукулов өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксатысыз видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпөөчүлүк пайда болгондугун айткан.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.  

Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялады. Тасмадан Маматкерим Койчукулов журналистти бетке чаап жибергенин көрүүгө болот.

Сүрөт: Ош шаардык ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты