Владивостокто добуш берүү жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

  • 2 года мурун

Орусиянын Владивосток шаарындагы №9004 шайлоо тилкесинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы баяндалган чек социалдык тармактарга жарыяланды. Ага ылайык, аталган шайлоо округунан 134 жаран шайлоого катышкан. Анын ичинен 54 шайлоочу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына добуш берсе, 16 добуш менен «Ынтымак» партиясы экинчиде, 11 добуш менен «Ишеним» партиясы үчүнчүдө келе жатат.

Владивостокто добуш берүү жыйынтыкталды. "Бүтүн Кыргызстан" алдыда

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты