Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

  • 7 месяцев мурун

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады.

Владимир Путин Кыргызстандын президентинин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандандыруудагы аракеттерине жогору баа берип, мындан ары да эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө көңүл бурарына бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге көрсөтүлгөн урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчы бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгиледи.

Владимир Путин Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлады

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты