Виртуалдык активдер жана блокчейн боюнча улуттук кеңеш түзүлдү
- 8 месяцев мурун
Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Кеңештин негизги милдеттери виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;
— виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу, бул багытта жөнгө салуучу ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, аталган чөйрөнү өнүктүрүүгө чет өлкөлүк компанияларга көмөк көрсөтүү;
— экономиканы дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
– экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
– инновациялык программал жана долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп саналат.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы:
Кыргыз Республикасынын президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
Министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары;
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Экономика жана коммерция министри;
финансы министри;
ички иштер министри;
санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
юстиция министри;
Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары –президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
виртуалдык активдерге жана блокчейн-технологияларга адистешкен жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү жана эксперттери (макулдашуу боюнча).
Сүрөт: president.kg




