Субакожоева виртуалдык актив жана блокчейн кеңешинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Айзада Субакожоева президентке караштуу виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин дипломатиялык кызматтарда, 2017-жылы Айзада Субакожоева президенттин аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




